Каржы министрлиги бюджетке 750 млн сом тартты

22 ноября 2021, 14:51

Бүгүн, 22-ноябрда өткөн эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгында бюджетке 750 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, 2 жылдык баалуу кагаздардын кошумча эмиссиясы толугу менен жайгаштырылды. Анын кирешелүүлүгү 8%, бир мамлекеттик облигациянын наркы 93,01 сом болот деп пландаштырылган.

Буга чейин 19-ноябрда Улуттук банк 2,5 миллиард сомго мамлекеттик облигацияларды эң ири жайгаштырууну ишке ашырганын кошумчалайбыз.