Каржы министрлиги жылына бюджнтке 12,5% менен акча тартты

15 января 2022, 11:16

Кечээ, 14-январда өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7-жыл болгон мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) боюнча кирешелүүлүк 12,50% түздү. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти

2021-жылы өткөн акыркы аукционго салыштырганда кирешелүүлүк өзгөргөн жок. 

Эске салсак, аукциондо облигацияларды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 450 млн сом тартуу пландалган. 

Кошумчалай кетсек, 13-январга карата Кыргызстандын 7 жылдык мамлекеттик облигациялар линиясы боюнча милдеттенмелери 17 млрд 347,9 млн сомго бааланган.