Каржы министрлиги бюджетке 500 млн сом тартты
Кече, 15-ноябрда өткөн үч жылдык мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгында бюджетке 500 миллион сом түштү.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, баалуу кагаздар толугу менен жайгаштырылды.
Мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү, көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, 11,5%ды түзүүгө тийиш, бир баалуу кагаздын номиналдык наркы 83,89 сом деп белгиленди.