Аукциондо бюджетке пландалган суммадан 101 млн сомго аз каражат түштү

9 февраля 2021, 09:01

5-февралда финансы министрлиги аукциондо 7 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштырды. Пландалган 450 млн сомдун ордуна, 349 млн сом тартылган. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. 

 

Муну менен катар, бюджетке пландалган суммадан дагы 101 млн сомго аз тартылган. 

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыгы боюнча, баалуу кагаздардын кирешеси 7% купондук ченде 11% түзгөн.