Былтыр Талас облусуна бюджеттен 341,8 млн сом жумшалган
2023-жылы бюджеттер аралык трасферттер Талас облусуна 371,8 млн сом каржыланган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар:
- Теңдөөчү трансферт – 192,8 млн сом;
- Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 16,1 млн сом;
- Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,6 млн сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 29,7 млн сом;
- Бирдиктүү салык компенсациясына - 28,3 млн сом.
Мындан тышкары, Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 103,3 млн сом бөлүнүп берилди.