Үч жылдык мамоблигациялар эмне үчүн жокко чыгарылды?
Кечээ, 22-декабрда Каржы министрлиги бүгүн чыгарыла турган мамлекеттик 3 жылдык казына облигацияларынын эмиссиясы жокко чыгарылганын билдирди.
“Акчабар” Каржы министрлигине кайрылып, мунун себебин тактады.
“Үч жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну жокко чыгаруу 2022-жылга мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан түшкөн кирешелердин такталган планын ишке ашырууга байланыштуу”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айынын планына ылайык, 4,3 миллиард сомго мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу пландалган.