Финансы министрлиги 200 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырат

24 января 2021, 09:04

25-январда Улуттук банк 10 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды кошумча жайгаштырат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

 

Эмиссиянын жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт. Бир баалуу кагаздын баасы 84.75 сомду түзөт. Баалуу кагаздардын кирешеси 10.5% болору күтүлүүдө. 

Кошумчалай кетсек, 22-январда өткөн аукциондун жыйынтыгында, 10 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын кирешеси 10.5% түзгөн.