Каржы министрлиги мамлекеттин бош акчасын комбанктарга 9,5% менен жайгаштырат

13 января 2023, 09:56

Каржы министрлиги мамлекеттин бош акчасын - 4 млрд сомду 11 айга 9,5% менен коммерциялык банктарга жайгаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

Жалпы сумма 9 лотко бөлүнгөнү такталган.

Депозиттерге акча жайгаштырууну каалаган Кыргызстандын коммерциялык банктары Финансы министрлигинде банктарды конкурстук тандоого катыша алышат. Сынакка катышуу үчүн арыздар мекеменин Борбордук казыналыгы тарабынан кабыл алынат.