Казакстандын финансы министрлиги бир нече ЖОЖ сатууда

27 февраля 2019, 16:39

Сатууга коюлган жогорку окуу жайларынын сап башында  Казахстандын Абылай хан атындагы эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер  университети,  Жезказгандын А.Байконуров атындагы университети, Казахстандын  архитектура-курулуш академиясы, Алма-Атанын энергетика жана байланыш университтери турат. Сатуу 2019-жылдын 7-мартта аукцион аркылуу жүрөт. Баштапкы баа алдын ала жогорулатылып, эң көп сумма айткан тарап жеңүчүү деп тааныларын Kapital.kz жазып чыкты. 

Баардык объектилер  35-пайыздык сатууга коюлуп,бир гана Алма-Ата  энергетика жана байланыш университети  (33.65%) сатыкта турат.

Баардык объектилердин баштапкы баалары ар кандай. Казахстандын Абылай хан атындагы эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер  университети  сатууга 1 711 278 931,00 тенге, кепилденген төлөмү — 75 750 000,00 болду. Арыздарды кабыл алуу  08.00 7 мартта, сатык жасоого эки саат калганда аяктайт.

Жезказгандын А.Байконуров атындагы окуу жайы  336 396 978,00 тенгеге бааланса, Казахстандын  архитектура-курулуш академиясы — 2 522 061 695,00 тенге, Алма-Атанын энергетика жана байланыш университети— 1 401 617 089,00 тенге деп жарыяланды. 

Ошондой эле  жогорку спорттук чеберчилик мектебинин баштапкы баасы 331 060 000,00 тенге деп сатыкка коюлду. 

Окуу жайлар электрондук тендер аркылуу сатылып, катышуучулар өз бааларын билдиришет.Алар электрондук ваб даректе жабык кармалып, соода башталганда гана ачылат.