Каржы министрлиги пландалган 750 млн сомду бюджетке тарта алды

23 января 2024, 09:50

22-январда Улуттук банк мамлекеттик 5 жылдык казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Алсак, мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштыруунун көлөмү 750 млн сомду түздү.

Эске сала кетсек, аукцион пландалган 750 млн сомдун баарын тартууга жетишкен.