Каржы министрлиги кезекте өтө турган баалуу кагаздардын чыгаруу көлөмүнө өзгөртүүлөрдү  киргизет

19 декабря 2019, 10:13

КР Каржы министрлиги  декабрь айында мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгаруу көлөмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизет. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Каржы министрлик жылдын аягына чейин 7 жылдык мөөнөттөгү баалуу кагаздарды 820 млн сомго чыгарат. Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси 7% түзөт.