Каржы министрлиги сентябрь айында баалуу кагаздардын эсебинен 1,5 млрд сом тартат

26 августа 2021, 12:30

Финансы министрлиги 2021-жылдын сентябрына карата мамлекеттик казына векселдеринин жана мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигациялардын алдын ала көлөмүн жарыялады, деп билдирди улуттук банк.

Мамлекеттик казына облигацияларынын эсебинен жалпысынан 1 миллиард 320 миллион сом тартылат. Ошол эле учурда каржы министрлиги мамлекеттик векселдерди сатуу аркылуу 240 миллион сом тартууну көздөп жатат.