Финансы министрлиги баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 600 млн сом тартты

15 сентября 2020, 09:00

14-сентябрда өткөн кошумча 7 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын аукционунда 600 млн сом жайгаштырылган. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат. 

Киреше - 11.88%, баасы - 77.24 сом. 

Эске сала кетсек, Финансы министрлиги баалуу кагаздардан сентябрь айында бюджетке 1.9 млрд сом тартууну көздөгөн.