Каржы министрлиги жылына 15,76% менен 250 млн сом ички карыз алды

22 сентября 2022, 09:12

Каржы министрлиги 16-сентябрда 250 миллион сомго 5 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырды. Мындай маалыматтарды республиканын Улуттук банкы берди.

Алгач Каржы министрлиги 5 жылдык облигациялардан 200 миллион сом тартууну пландаган, бирок суроо-талап сунуштан 50 миллион сомго ашкан. Мекеме сунушту толук канааттандырууну чечти. Мамлекеттик облигациялар боюнча минималдуу кирешелүүлүк 15,1% болсо, эң жогорку кирешелүүлүк 16,5%ды түздү. Натыйжада орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк 15,76% деңгээлинде болду.

Муну менен 21-сентябрга карата Кыргызстандын ички карызы 83 миллиард 543 миллион 695,8 миң сомду түздү.