12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, талаптын жоктугунан улам болбой калды

20 апреля 2020, 14:08

20-апрелде буга чейин пландалган 12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, талаптын жоктугунан улам болбой калды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Финансы министрлиги бул аукциондон 50 млн сом тартууну пландаган. 

Эске сала кетсек, апрель айында мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү алдын-ала берилген маалымат боюнча 950 млн сомду түзөт. Анын ичинен мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен (2 жылдык жана 5 жылдык мөөнөт менен) - 800 млн сомду, 12 айлык баалуу кагаздар - 150 млн сомду түзөт.