Коргоо министрлиги авиабилеттерге 10 млн сом коротууну көздөөдө
Кыргызстандын Коргоо министрлиги авиабилеттерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, авиабилеттер командировкадагы каттамдарга арналган.
Тендер 18-февралда жарыяланган, арыздарды кабыл алуу 25-февралда аяктайт.