Турциянын соода министрлиги Кыргызстандын ишкерлери менен таанышууга даяр

15 января 2020, 14:04

Турциянын соода министрлиги ушул жылдын февраль-март айларында ишкерлер үчүн 18 иш-чара уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу КР соода-өнөр-жай палатасы билдирди. 

Иш-чарага барууну каалаган ишкерлер КР Турция элчилигине барып, атайын арыз жазуулары керек. Бардык чыгашаларды Турция Республикасынын соода министрлиги төлөп берет.

Аталган иш-чара тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот.