Эки социалдык мекеме 145 миң долларга жаңыланат

26 января 2021, 09:55

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзүнүн мекемелерин жанылоо үчүн 145 миң долларга грант алды. Бул тууралуу ведомствонун официалдуу сайтында маалымдалат. 

 

 

Грант Япониядан «Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу» долбоорунун негизинде берилген.

Белгиленгендей, гранттык каражаттар Токмок № 1 психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемени жана Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборун жаңылоого жумшалат. 

Кошумчалай кетсек, «Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу» долбоору аркылуу 1996-жылдан бери жалпысынан 11 млн доллар бөлүнгөн.