Инвестициялар министрлигинин өкүлчүлүгүн Индияда ачуу сунушталды

7 сентября 2021, 13:30

Инвестициялар министрлигинин өкүлдөрү 3-сентябрда Индиядан келген бизнес делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Индия тарап аларда Кыргызстандын Инвестициялар министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбалдын айтымында, Бишкекте Индиянын Евразия соода кеңешинин өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда, анын максаты Индия менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода мамилелерин жакшыртуу болмокчу.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Satya Oil Mills, NV Beverages India, Timmy Export and Import компаниясынын жетекчилери бар.