Венгриянын элчиси менен Кыргыз-Венгер фондунун долбоорлору талкууланды

18 ноября 2022, 16:27

Бүгүн, 18-ноябрда Экономика министри Данияр Амангелдиев Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолукту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү алкагында долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Тараптар жеке долбоорлордун, анын ичинде энергетика жана айыл чарба тармагында Фонд тарабынан иштелип жаткан долбоорлордун тизмесине кирген иштердин экономикалык таасирдүүлүгүн эске алып, артыкчылыктарын талкуулашты.

Жыйындын соңунда, мындан ары иштеп чыгуу үчүн фонддун ички уюштуруу жана ыкчам ишмердүүлүгүнө тийиштүү бир катар маселелер макулдашылды.