Экономика министри тигүүчүлөрдү кластерлерге биригүүгө чакырды

22 марта 2023, 17:35

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен болгон кеңейтилген жыйында тигүүчүлөргө кластердик өндүрүш түзүүнү сунуштады.

Ушундай жол менен массалык өндүрүшкө жетишүүгө болот. 

Анын пикиринде, кичи тигүү цехтери чоң ишканалар менен биригип, алардан буйрутма алуу менен иштеши керек.