Бүгүн Майлуу-Суудагы үйлөргө жылуулук берилет — Энергетика министри

19 января 2023, 12:32

Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламенттин жыйынында Майлуу-Суудагы от казандардын баары бүгүнтөн тарта иштей баштаарын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарда дагы 340 абонент жылуулуксуз отурууда.

“Майлуу-Суудагы от казандарга муздак суу келбей калган, ошол себептен шаарда ушундай абал жаралган. Азыр каналга суу берүүчү насосторду орноттук. Бир от казандан башка казандардын баары иштеп жатат. Бүгүн калганын ишке киргизебиз”, - деди Ибраев.