Жарым жылда бюджеттик чыгашалар кыйла көбөйүп кетти

21 июля 2023, 13:43

Быйылкы жылдын алты айында республикалык бюджеттен дээрлик 200 миллиард сом сарпталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 50,6 млрд сомго көп. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жыйынында Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Ошол эле мезгилде бюджетке 175,9 миллиард сом гана киреше түшкөн.

"Божомолдорго ылайык, иш жүзүндөгү чыгашалардын ашыкчасы 23,5 млрд сомду түздү. Ушул жылдын март айына чейин пландан бир аз четтеп келсек, апрель айынан бери кыйла четтеп кеттик", - деди министр.

Бакетаевдин айтымында, нарк планынын ашыгы бюджетте мурда каралбаган кошумча чыгаша милдеттенмелеринин аткарылышы менен шартталган. Буга байланыштуу Каржы министрлиги 50 миллиард сомдон ашык кошумча чыгаша булактарын макулдашып, аныктады.