Коргоо министрлиги 9,3 млн сомго күйүүчү-майлоочу май сатып алат

12 сентября 2022, 10:35

Коргоо министрлиги дизель майын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 9 миллион 378 миң сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, 2 миллион 300 миңге күйүүчү майды талон менен алуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, Коргоо министрлиги дагы 16,8 миллион сомго авиа күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялаган.