Коргоо министрлиги 18,3 млн сомго күйүүчү-майлоочу май сатып алат
Коргоо министрлиги күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды
Тендердин баасы 18 млн 297 миң 659,2 сомду түзөт.
Бул каражатка башкармалык АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди, дизель майын, антифризди, мотор майларын, авиациялык күйүүчү май системалары үчүн муздаткычты жана авиакеросинди сатып алууну пландаштырууда.