Коргоо министрлиги 11,7 млн сомго керосин сатып алат

6 сентября 2023, 09:33

Коргоо министрлиги авиациялык күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 11 миллион 700 миң 40 сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, ТС-1 авиациялык күйүүчү майын сатып алуу пландалууда.