Билим берүү министрлиги мектептерге 50 млн сомго компьютер сатып алат

4 июля 2023, 13:38

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү мекемелерине компьютердик техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Тендердин баасы 49 млн. 992,8 миң сомду түзөт.

Бул суммага министрлик орто мектептер үчүн 836 персоналдык компьютер сатып алууну пландаштырууда.