Билим берүү министрлиги интернетке 21 млн сомдон ашык каражат коротот

2 июля 2021, 17:00

Билим берүү жана илим министрлиги интернетке мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарын пайдалангандыгы үчүн абоненттик төлөмдү төлөө кызматтарын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Аталган кызматка 21 миллион 270 миң сом сарптоо пландалууда.

Техникалык тапшырмада бир мектепке жазылуу акысы айына 2 миң сомдон ашпашы керек деп белгиленген. Жалпысынан 569 мектепти камтуу пландаштырылууда.