Менчик мектептерге контрактты төмөндөтүү сунушталды

20 апреля 2020, 11:22

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү уюмдары дистанттык түрдө сабак берип жатышат. Буга байланыштуу министрликке балдары  жеке менчик мектептерде окуп жаткан ата-энелерден окуу акысын азайтуу,  ал эми жеке билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен мектеп имараты үчүн каралган ижаранын суммасын азайтууга көмөк көрсөтүү боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Министрлик бир тараптан коронавируска байланыштуу карантинде отуруп, кирешесиз калган ата-энелердин жана экинчи тараптан ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражатка байланыштуу болгон жеке менчик мектептердин абалын түшүнүү менен кабыл алууда. 

Ошол себептен министрлик, жеке менчик билим берүү уюмдарга окутуу акысынан кыскартууну сунуштайт. Ошондой эле ата-энелерди, жеке менчик мектептин жетекчилерин өз ара сүйлөшүү жолу менен эки тарапты канааттандырган ийкемдүү келишимге келүүгө чакырат.