Билим берүү министрлиги 152 млн сомдук окуу китептерин чыгарат

15 декабря 2023, 13:49

Билим берүү министрлиги 2023-жылы 152 млн сомдук окуу китептерин чыгарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги окуу китептерин басып чыгаруу боюнча “Учкун” басмаканасы менен үч келишим түзгөн. Декабрдын аягына чейин дагы бир келишимге кол коюлат. Ошентип, Билим берүү министрлиги республикалык бюджеттен окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнгөн 152 млн сомдун бардыгын сарптайт. 

Министрдин орун басары бүгүн окуу китептерин Брайл арибинде басып чыгаруу боюнча келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Бул китептер 2024-жылы чыгат.