Жаратылыш ресурстары министрлигине экологияга бөлүнгөн акчанын 72%ы түштү

14 декабря 2022, 10:08

Быйыл Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 856,3 миллион сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын 628,5 млн сому бюджеттен каржыланса, атайын эсептен 227,8 млн сом каралган.

“Бүгүнкү күндө бюджеттик каражаттардын 72%ы бөлүнүп бүттү. Калган бөлүгү ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат”, - деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Кошумчалай кетсек, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жыл сайын 3,7 миллион доллар же 301,3 миллион сом түшөт. Ошондой эле, эсепте өткөн жылдардагы которулбаган каражаттар бар. 

“Кыргызстандагы абанын сапатын башкаруу потенциалын күчөтүү жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык таза чечимдерди алга жылдыруу максатында учурда Дүйнөлүк банк менен 50 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Каржы абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорго жумшалат”, - деп жыйынтыктады Каржы министрлиги.