Айыл чарба министрлиги онлайн режимде дыйкандардын суроолоруна жооп берет
Айыл чарба министрлиги эми дыйкандарга WhatsApp тиркемеси аркылуу кеңештерди берип, суроолоруна жооп берет.
“Урматтуу кыргызстандыктар, биз сиздердин суроолоруңузга жооп берүүгө, ошондой эле пикириңиздерди жана сунуштарыңызды угууга ар дайым даярбыз”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Байланыш үчүн 0507947375 номуруна иш күндөрү саат 18:00гө чейин кайрылууга болот.