Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш питомнигин түзүү үчүн инвестор издеп жатат

18 ноября 2021, 17:25

Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти бардык кызыкдар тараптарды Жалал-Абад облусунда МЖӨ долбоору – мөмө-жемиш питомнигин уюштуруу боюнча жеке өнөктөш тандоо конкурсуна катышууга чакырат.

Долбоордун алкагында жаңы заманбап сортторду сынап көрүү, агротехнологиялык парк жана окуу борборун түзүү, ошондой эле 20 гектар жерге мөмө-жемиш питомнигин түзүү каралган.

Питомник айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин Октябрь жемиш жана мөмө-жемиш чарба башкармасынын карамагындагы участокто жайгашаары белгиленген.