Айыл чарба министри асыл тукум продукцияларын экспорттоону жана импорттоону жөнгө салууну көздөйт

15 января 2021, 15:15

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жай жана мелиорация министри асыл тукум продукциясын экспорттоонун жана импорттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүүнү сунуштайт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. 

 

 

 

Ведомстводон белгилешкендей, демилге мал чарбасынын эффективдүүлүгүн жана өнүгүүсүн жогорулатууга багытталган. Кабыл алынган мыйзам Кыргызстандын фермерлерин сапаттуу жана асыл тукум продуктыларынын жетиштүү санда болуусун камсыздайт, - деп билдиришкен министрликтен. 

Жобо импорттун жана экспорттун негизги шарттарын аныктайт. Бардык процесстер министрликтин алдындагы жайыттар жана мал чарбасын асылдандыруу департаменти тарабынан жөнгө салынат.