Айыл чарба министрлиги жабыркаган баткендиктерге 4,8 млн сом которду
Кыргыз-тажик жаңжалынын кесепетинен жапа чеккен Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү максатында Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миллион 820 миң сом которушту. Бул тууралуу мекеменин "Фейсбуктагы" баракчасында жазылды.
Мындан тышкары, министрликтин демилгеси жана өнөктөштөрдүн жардамы менен 6,3 тонна азык-түлүк жана 70 тонна ун жөнөтүлдү.
Ата мекендик өндүрүүчүлөр жана жардам көрсөткөн өнөктөштөр:
- ЧП «Атанмай, Компания»,
- «Макси Чай»,
- ААК «Ак-Куу»,
- ЖЧК «Аларат»,
- ЖЧК «Салих ЛТД»,
- ЧП «Мико»,
- ЧП«Улар»,
- Ассоциация «Кыргыз Лэнд»,
- ЖЧК «Яшар Групп»,
- Ассоциация «ХП»,
- ЖЧК « Тазажан »,
- ЧП «Клевер»,
- ИП «Мырзабекова».