Айыл чарба министрлиги 3,2 миң долларга сувенирлерди сатып алат
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сувенирлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.
Тендердик табыштаманын жалпы баасы 275 миң сом, же 3 миң 242 доллар. Тиркелген тизмеге ылайык, бул акчага булгаары шахмат, сувенир камчы, калпак, колго жасалган кийизден аялдардын жоолугун, Айтматовдун китептерин жана башка товарларды сатып алуу пландаштырылган.
Товар 1-октябрдан кечиктирилбестен жеткирилиши керек.