Айыл чарба министрлиги бюджеттен бөлүнгөн дээрлик 650 млн сомду эмнеге жумшаган?

18 августа 2022, 09:52

Өлкөдөгү Суу чарба кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүү пландалып, анын 646,5 млн сому түшкөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бул акчага узундугу 115,7 км каналдарды оңдоо, 25,7 км каналдарды бетондоо, 690,9 км каналдарды механикалаштыруу, 535 гидротехникалык курулуштарды, 301 гидрометрикалык постторду, 102 насостук станцияларды, анын ичинде 44 насостук агрегаттарды алмаштырууга, 77,3 км коллектордук жана дренаждык тармактарды механикалаштырылган тазалоого жумшалды.

План боюнча иш ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, калган 353,5 млн сомго Суу чарба кызматы тарабынан 60,6 км каналдарды оңдоо, 51,7 км каналдарды бетондоо, 21,2 км каналдарды механикалаштырылган тазалоо, 84 гидротехникалык курулуштарды, 39 габариттик постторду, 61 насостук станцияларды оңдоо, 199,5 километр коллектордук-дренаждык тармакты, ошондой эле скважиналарды ремонттоо жана механизациялаштырылган тазалоо, бассейндерди жана резервуарларды тазалоо пландалууда.