Айыл чарба министрлиги чек арада ветеринардык пункттарды түзүүнү пландаштырууда

20 апреля 2021, 13:10

Айыл чарба министрлиги чек арада ветеринардык пункттарды түзүүгө кам көрүүдө. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев жана ушул жаатта иш алып барган ишкерлердин жолугушуусунда маалым болду.

Иш-чарада республикада эпизоотикалык абалды жакшыртуу максатында малдын ылаңдарынын алдын алуу үчүн республиканын чек арасында карантиндик постторду түзүү маселеси талкууланды.

Кыргызстанда быйыл биринчи жолу ветеринардык пункттарды түзүү аракети көрүлүүдө.