Айыл чарба министрлиги 8,4 млн сомго компьютер сатып алат

23 августа 2021, 14:00

Айыл чарба министрлиги компьютердик жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.

Тендердин жалпы суммасы 8 миллион 413 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • 6,3 миллион сом - компьютердик жабдуулар;
  • 1,1 миллион сом - тармактык жабдуулар;
  • 824 миң сом - көчүрүү жана басып чыгаруу жабдуулары;
  • 66 миң сом - видео жабдуулар;
  • 22 миң сом - лицензияланган программалык камсыздоо.