Айыл чарба министрлиги тогуз млн сомго компьютер сатып алат

5 июля 2021, 10:20

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги компьютер сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Ага 8,9 миллион сом сарптоо пландалууда.

Техникалык тапшырмада мекеме 162 компьютер сатып алары айтылган.