Мамфонддун пайдаланууга ылайыктуу жерлеринин 75%ын Айыл чарба министрлигине өткөрүлөт

28 декабря 2021, 09:08

Агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын жогорулатуу жана агрардык сектордун тармактарын стимулдаштыруу максатында министрлер кабинети “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Документке ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Айыл чарба министрлиги менен биргеликте төмөнкүлөрдү аткаруусу тапшырылды: айыл чарба продукциясын айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын бирдиктүү массивде өндүрүүсү жана сатуусу үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча тийиштүү жумушчу комиссия түзүү.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75 пайызын белгиленген тартипте Айыл чарба министрлигине пайдаланууга бериле тургандыгы такталган.