Эмгек министрлиги социалдык заказдарга 48 млн сом бөлдү

26 июня 2023, 09:43

 

Эмгек министрлиги тарабынан “Мамлекеттик социалдык заказдар жөнүндө” мыйзамдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга 48 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылынын тургундары үчүн инклюзивдик борбордун ачылышында билдирди, деп маалымдайт мекеменин басма сөз кызматы.

Борбор Байзак айылдык кеңешинин төрайымы Мээрим Молдалиеванын демилгеси менен Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин колдоосунда ачылган. Инклюзивдик борбордо айыл тургундары көңүл ачууга, таланттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана гендердик колдоо боюнча иштерди жүргүзөт.

”Биз жарандык коом жана жергиликтүү администрациялар менен калктын социалдык аялуу катмарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн абдан тыгыз иштешебиз”, - дейт Кудайберген Базарбаев.