Эмгек министрлиги дээрлик 12 млн сомго майып араба сатып алат

2 декабря 2022, 11:10

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги чоңдор үчүн майып араба сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 11 миллион 840 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмада бардык санитардык талаптарга жооп берген механикалык арабаларды сатып алуу пландалып жатканы жазылган.