Транспорт министрлигинин "Лонг Хай" ишканасы алдында карызы жок
2019-жылы Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоого республикалык бюджеттен 700 млн сом каралып, жыл аягында ал толугу менен каржыланган. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
2015-жылдын 4-ноябрында КР Транспорт дана жолдор министрлигинин Жол чарбасы департаменти менен «Лонг Хай» ЖЧКсы ортосунда Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун 6 млрд 803 млн 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатына реконструкциялоо тууралуу келишим түзүлгөн.
Аталган жолдун курулушунун башынан бери жалдоочунун жалдануучуну каржылоосу 4 млрд 365 млн 800 миң сомду түзгөн.
Транспорт министрлигине караштуу жол чарбасы департаментинин 2020-жылдын 1-февралына карата «Лонг Хай» жалдануучусунун алдында эч кандай карызы жок.