Транспорт министрлиги тарабынан бюджетке 33 млн сом түшкөн

2 ноября 2020, 17:15

Транспорт жана жолдор министрлиги тогуз ай ичинде бюджетке түшкөн киреше тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат. 

Январдан августка чейин министрликтен бюджетке 32.9 млн сом түшкөн. 

Маалыматка ылайык, бул сумма уруксат берүүчү документтерден,  административдик укук бузуулар үчүн салынган айып пулдан түшкөн.

 

Кошумчалай кетсек, республикада тогуз ай ичинде 193.7 километр жол салынган.