Транспорт министрлиги 401,5 млн сомго 15,5 чакырым жол курууну көздөөдө

15 августа 2022, 13:48

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти Сары-Камыш айылынан Түндүк-Түштүк унаа жолуна чейинки бөлүгүн курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Жолдун узундугу 15 чакырым 410 метрди түзөт.

Жарыяланган тендердин суммасы 401 миллион 506,7 миң сом деп белгиленген. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 29-августуна чейин деп көрсөтүлдү.