ЖК калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоору каралды

15 января 2020, 15:00

Жогорку Кеңештин депутаттары, «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун 1-окууда карашты. 

Учурда Кыргызстанда жумушсуз 76 миң жаран официалдуу каттоодо турат. 2018-жылы алардын саны 74 миңди түзгөн. 

2019-жылы 23 миң жумушсуз жаран иш менен камсыз болгон.