Мыйзамсыз жер семирткич чыгарган цехти финпол жапты

6 марта 2019, 15:50

Баткен областына караштуу Кадамжай району  менен  Кызыл-Кыя боюнча Финполициянын өкүлчүлүгү мыйзамсыз минералдык жер семирткич жасаган цехти жабышты. 

«Алдын ала жасалган текшерүүдө аныкталгандай, цех өндүрүш жасооого тиешелүү эч кандай уруксат кагаздары жок иштеп, минералдык жер семирткичтерди  өндүрүп, капка салып келишкен.  Тинтүү маалында каптарга салынган продукциялар жана аларды  өндүрүүчү жабдуулар алынды» —деп билдирет Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөзү. 

Өндүрүлгөн товарлар лабораториялык текшерүүдөн өтүп, сертификат алган эмес. Ошондуктан, финполициянын айтымында ал айыл чарба  өсүмдүктөрү менен адамдын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.