Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады

22 августа 2022, 09:50

Саламаттык сактоо министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 168,8 миллион сомду түзөт.

Каражаттын негизги бөлүгү Бишкек, Ош шаарлары жана айрым облустар үчүн тез жардам унааларын сатып алууга, калган 83,2 миллион сому аймактык жана облустук тез жардам борборлору үчүн автоунааларды сатып алууга жумшалат.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Министрлер кабинетинин башчысы буйрукка кол койгон, ага ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдан автоунаалар сатылып алынат.