Саламаттык сактоо министрлиги 46 млн сомго дары-дармек сатып алат

26 сентября 2022, 12:06

Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 46 миллион 553 миң сомду түзөт.

Маалыматка ылайык, бейтапты жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу үчүн колдонулган бир жолу колдонулуучу дем алуу схемаларына 4 миллион сом сарптоо пландалууда.